www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мадриддик "Реалдын" чабуулчусу Криштиану Роналдуга 8 миллион евро айып салынып же 12 айга камакка алынышы мүмкүн. Бул тууралуу Еlespanol басылмасы жазып чыкты.

Салык органдарынын ою боюнча, Роналду имидждик укуктар боюнча 8 миллион еврого барабар салыкты 2011-2013-жылдары төлөбөй койгондугу тастыкталды. Азырынча салык инспекторлору арасында футболчуну бул иш боюнча кылмыш же административдик жазасына тартуу боюнча маселе чечиле элеги маалымдалат. Бул маселени Мадриддин экономикалык кылмыштар боюнча прокуратурасы чечет.
"Эгер алдамчылык далилденсе, футболчу 12 айга кесилет, болбосо ал 8 миллион евро төлөөгө мажбур болот", - деп жазылат маалыматта.

Иликтөө иштери Football Leaks басылмасына жарыяланган материалдардан кийин 2015-жылы башталган. Ал маалыматтарда Криштиану Роналду салык төлөөдөн качканы жазылган.

Эгер Роналду эркинен ажыратылса да, шарттуу түрдө камалары белгилүү болду. Себеби испаниялык мыйзамга ылайык, зомбулуксуз кылмыштар үчүн 2 жылга жетпеген мөөнөткө кесилсе, жазаны түрмөдө өтөшпөйт.

Камчыбек Бостон, NazarNews.kg

Москва шаары

Последние новости