www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын экс-президенти Дональд Трамп UFC уюмунун экс-чемпиону Витор Белфорт менен бокс легендасы Эвандер Холифилддин беттешине комментаторлук кылат. Бул тууралуу Р-Спорт маалымат булагы жазды.

UFC уюмунун орто оор салмактагы экс-чемпиону 44 жаштагы Белфорт менен кесипкөй бокс боюнча эки дивизиондун чемпиону 58 жаштагы Холифилддин беттеши 12-сентябрда Флоридада өтөт. Кармаш бокс эрежеси боюнча болору айтылды.

"Дональд Трамп Sky News маалымат булагына берген комментарийинде ишемби күндөгү беттешти чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирген", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Холифилд буга чейин Майк Тайсон менен беттешүүнү макулдашкан болчу. Бирок ал беттеш Тайсондун айынан болбой калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости