www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалпыга маалымдоо каражаттары, соцтармактар аркылуу бирөөнү сөгүп, жалаа жапкандарды жазалоо сунушталды. Коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорун Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги иштеп чыккан.

Анын негиздемесинде аталган мыйзам долбоору министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен иштелип чыкканы белгиленген.

Долбоорго ылайык, ЖМКда, интернетте бирөөнү кемсинтип, кадыр-баркын тепсеген жеке жактарга 7 500, юридикалык жактарга 23 миң сом айып салынат. Ал эми жалаа жаап, ар-намысына шек келтирген жеке жактарга 10 миң, юридикалык жактарга 28 миң сом айып каралган.

"Азыркы учурда маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жана интернетке кирүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү контекстинде сөз эркиндиги барган сайын актуалдуу болууда. Ошол эле учурда ар кандай ЖМК жана интернет аркылуу жалган маалыматтардын таралышы жана мазактоо көбөйгөнү байкалууда. Бул коомдук адеп-ахлакка жана адамдар аралык мамилелерге коркунуч жаратат", — деп жазылат маалыматта.

Мыйзам долбоорунда ЖМК чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги) укук бузуулар жөнүндө иштерди карап, жаза чараларды көрөрү камтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости