www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ислам мамлекети" террордук уюмунун атынан теракт даярдаган деген шек менен Стамбулда Кыргызстандын жана Тажикстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу IHA агенттиги билдирди.

Маалыматта Стамбулдун Пендик районундагы жертөлөдө жашынып жашаган 37 жаштагы Фазилжон А. менен 41 жаштагы Зулфия С. куралдуу кол салууга даярданып жатканы, полиция бир канча айдан бери алардын изине түшкөнү айтылат. Операциянын жүрүшүндө алар жашаган жерде жандармериянын кийимдери, полициянын баш кийимдери, унаа радиолору, бычак жана мылтык, кол салуудан кийин качуу пландары жазылган материалдар табылган.

Сурак маалында кармалгандар терактка даярданышканын моюндарына алышканы айтылып, башка маалыма берилген жок.

Прокуратуранын чечими менен тажикстандык киши камакка алынып, кыргызстандык келин депортацияланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости