www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президентинин кеңешчиси Хоуп Хикстен коронавирус аныкталгандыктан, Трамп өзү да коронавируска анализ тапшырды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Билдирмеге ылайык, анализдин жыйынтыгы чыккычакты АКШ президенти карантинде болмокчу.

"Хоуп Хикс менен кичине да тыным албай иштейбиз. Ал коронавируска тест тапшырса жыйынтыгы оң болуп чыкты. Хикс дайыма бет кап тагынып жүрчү. Азыр жубайым экөөбүз да коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгын күтүп жатабыз", — деди Трамп.

Ошондой эле Хикс Трампты Кливлендге, Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Жо Байден менен болгон дебатка жана Миннесотага шайлоочулар менен болгон жолугушууга коштоп барган. Буга кошо алар Жо Байден менен чогу бир учакта болгону айтылууда.

Эске алсак, АКШда 3-ноябрда президенттик шайлоо өтөт. Трамп экинчи мөөнөт үчүн ат салышат. Так талашта ага демократтардын өкүлү, 77 жаштагы Жо Байден атаандаш.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости