www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында аялдарга бычак менен кол салган адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сентябрь айынын ортосунда, бир нече күн аралыгында Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө облустук борбордун жашоочуларынан үч арыз келип түшкөн. Аялдар өз арыздарында караңгыда медициналык маска кийген белгисиз адам аларга кол салып, бычак менен коркутуп, уюлдук телефондорун тартып алышканын айтышкан.

Жабырлануучулардын бири кол салган адам уюлдук телефонун тартып алганга чейин, аны зордуктоого аракет кылганын, экинчиси каршылык көрсөтүп жатып катуу сабалгандыгын айткан.

Акыркы жабырлануучу Ак-Суу районунун 36 жаштагы тургуну ошол күнү Каракол шаарындагы мейманканалардын биринде түнкү нөөмөттө тургандыгын айткан.

Саат 22:00 чамасында медициналык масканы кийген белгисиз адам ал жаткан эс алуу бөлмөсүнө кирген. Аялды балка менен башына бир нече жолу уруп, бычак менен коркутуп, акча талап кылган. 6800 сом өлчөмүндөгү каражатты жана эки уюлдук телефонду тартып алып, аялды дааратканага алып кирип, зордуктап, андан кийин кылмыш болгон жерден изин жашырып кеткен.

Бул факттардын бары катталып, тергөө иштери башталган.

29-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери аталган кылмыштарга тиешеси бар шектүүнү кармашты. Ал Каракол шаарынын 27 жаштагы тургуну Ж.У. болуп чыкты, ал алдын ала суракта кылмыштарын мойнуна алган. Кылмыштын куралдары – балка жана бычак далил катары алынган.

Кармалган адам Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалды.

Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Бардык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш бир ишке бириктирилген.

Учурда тергөө иш-чаралары уланууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости