www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрга белгиленген.

 АКШнын учурдагы жетекчиси Жо Байден күзүндө өтчү президенттик шайлоого катышпай турганын жар салды. Бул тууралуу АКШ лидери расмий баракчасы аркылуу америка элине жолдогон катында айтканын РИА Новости кабарлады.

"Президенттик шайлоо жарышынан четтеп, милдетимди мөөнөтүмдүн соңуна чейин аткарууга болгон күчүмдү жумшасам партиямдын да, өлкөмдүн да кызыкчылыгына кызмат өтөгөн болом", — деп жазган Байден.

Өлкө башчысы чечиминин себептери тууралуу кененирээк жаңырган жумада улутка жасаган кайрылуусунда айтып берерин убадалаган.

Жо Байдендин кайра шайланып, өлкөнү алып кете аларынан күмөнсүүлөр негизги атаандашы Дональд Трамп менен 28-июнда өткөн биринчи дебаттан кийин пайда болгон. Президенттикке көрсөтүп жаткан демократтар да арсар ойдо калып, көбү талапкерди алмаштыруу тууралуу айта башташкан. Теориялык жактан бул мүмкүн болгону менен Байдендин өзүнүн макулдугу болбосо демилгени ишке ашыруу кыйла татаал процесс экени да айтылган. Ал арада президенттин администрациясы Байден шайлоодон баш тартпай турганын жарыялаган.

Эскерте кетсек, теледебатта 82 жаштагы Байден такалып, оюн топтой албай бир топ кыйналган. Аягында аны тепкичтен жубайы түшүрүп кеткен.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости