www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Улан Примов баштаган парламенттик делегация 3-12-июль аралыгында Кытайда «Борбордук Азия өлкөлөрүнүн депутаттары үчүн өткөрүлгөн семинар – 2018» иш-чарасына катышууда. Семинардын демилгечиси – Бүткүл кытай Эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитети. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш-чарага Кыргызстандын, Тажикстандын, Казакстандын мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлдөрү катышып жатат. Семинардын ачылуу аземинде Бүткүл кытай Эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы А.Эмирбахай өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык мамилелерди чыӊдоо өтө маанилүү маселелердин бири болуп санала турганын баса белгиледи.

Ал эми кыргыз парламенттик делегациясынын башчысы Улан Примов акыркы жылдары кыргыз-кытай мамилелери жандануу менен бирге, эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы парламенттер аралык байланыш да бекемделип баратканын билдирди. Анын айтымында, мамлекеттер аралык кызматташтык мамилелердин чыӊдалышында мыйзам чыгаруу органдарынын өз орду бар. «Анын ичинде бул сеимнар да өз ара пикир алышууларга өбөлгө түзөрү бышык», - деди ал.

Иш-чара алкагында тышкы саясат, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өз ара байланышы, парламенттер аралык мамилелерди бекемдөө сындуу маанилүү маселелер талкууланат. Андан тышкары, семинардын катышуучулары бир катар жолугушууларды өткөрмөкчү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости