www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул күндөрү Жогорку Кеӊештин бардык фракцияларынын депутаттары өлкө аймагындагы тургундар менен жолугушууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

30-апрелде "Бир Бол" фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов Өзгөн районуну тургундары менен кезиксе, эртең 2-майдан баштап "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Аида Исмаилова Ысык-Көл районунун жашоочулары менен жолугушат. Ал эми “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Алмазбек Токторов 3-4-майда Ноокат районунда калк менен учурашса, КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева 3-майда Өзгөндө жолугушуу өткөрөт.

Жолугушууларда жергиликтүү деӊгээлдеги маселелер, аларды жергиликтүү бийлик органдары менен чогуу чечүүнүн жолдору туурасында пикир алмашуу болот. Ошондой эле тургундар даттанган маселелер кийин Жогорку Кеңештин жыйындарында козголот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости