www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеш 1-октябрдагы жыйынында «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.
Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Алтынбек Кудайбердиев тааныштырды.
Документте мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн азыркы сегиз ыкмасын бешке чейин кыскартуу сунушталууда. Ошондой эле менчиктештирүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, процесстин ачыктыгын жогорулатуу жана инвестиция тартууга шарт түзүү каралган.
Талкуу учурунда депутаттар менчиктештирилген мүлктүн ээлеринин укуктарын коргоо жана ак ниет сатып алуучуларга берилген кепилдиктер маселесин көтөрүштү. Эльвира Сурабалдиева бул боюнча Жогорку Кеңешке көптөгөн кайрылуулар түшүп жатканын белгиледи.
Талайбек Масабиров ак ниет сатып алуучулардын укуктары Жарандык кодекстин 291-беренесинде каралганын айтып, мыйзамда белгиленген кепилдиктерди сактоо зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, депутаттар менчиктештирүүгө байланыштуу айрым талаштуу объектилерди, анын ичинде Таластагы автовокзал жайгашкан жер тилкесин жана менчиктештирилген кыймылсыз мүлк боюнча соттук иштердин абалын талкуулашты.
Улан Сариев менчиктештирүүнүн ыкмаларын өзгөртүү маселесине токтолду. Анын айтымында, мыйзам долбоорунда колдонулуп жаткан үч ыкманы — конкурстук сатуу, кийин сатып алуу укугу менен башкарууга берүү жана кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүү — алып салуу сунушталууда.
Ал түз сатуу механизмин колдонуу шарттарын тактоону өтүндү. Докладчынын маалыматына ылайык, түз сатуу аукцион үч жолу өткөрүлүп, жараксыз деп табылган өзгөчө учурларда колдонулат.