www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында «Атаандаштык жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Мыйзам долбоорун Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Камила Талиева тааныштырды. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору төмөнкүдөй максаттарда иштелип чыкты: атаандаштык чөйрөсүн өнүктүрүү, «Атаандаштык жөнүндө» мыйзамдын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу жана бузуу тобокелдигинин алдын алуу; монополияга каршы мыйзамдарды ыктыярдуу сактоону монополияга каршы комплаенсти жана өз ишин мыйзамдаштыруу үчүн аныкталган бузуулар жөнүндө арыз менен кайрылган чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн жеңилдетүүчү жагдайларды киргизүү жолу менен дем берүү керектөөчүлөрдү жана ишкерлерди монополиялык аракеттерден, атаандаштыкка каршы макулдашуулардан (картелдерден), атаандаштыкты чектөөгө багытталган макулдашулган аракеттерден коргоо.

Андан тышкары, жыйында Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды.

Маалымат менен Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы Ырысбек Атажанов тааныштырды.

Мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун максаты анын жоболорун Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине жана Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 6-августундагы «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамынын жаңы редакциясына ылайык келтирүү болуп саналат. Анын негизинде «Кыргыз Республикасынын «Электр жана почта байланышы жөнүндө» мыйзамы»» деген сөздөрдү «Кыргыз Республикасынын Санариптик кодекси» деген сөздөргө алмаштыруу сунушталууда.

Последние новости