www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеште ишти толугу менен санариптик форматка өткөрүү демилгеси көтөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин ишмердүүлүгүн санариптештирүү маселелерине багытталган жумушчу кеңешме өткөрдү.
Жолугушуунун алкагында кагазсыз иш жүргүзүү форматына өтүү жана ички процесстерди электрондук системага өткөрүү маселелери талкууланды.
Жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында электрондук документ жүгүртүүнүн толук системасын киргизүү каралууда. Ага ылайык, келип түшкөн каттарды каттоодон тартып мыйзам долбоорлорун макулдашууга чейинки бардык жол-жоболор корголгон санариптик платформалар аркылуу жүргүзүлөт.
Ошондой эле электрондук өз ара аракеттенүүнү толук камсыз кылуу үчүн ички ченемдик-укуктук актыларды жаңы талаптарга шайкеш келтирүү тапшырмасы берилди.
Мындан тышкары, комитеттердин жана депутаттык топтордун жыйындарын онлайн форматта өткөрүү тажрыйбасын киргизүү пландалууда. Бул парламенттин ишинин ыкчамдуулугун жогорулатып, мобилдүүлүгүн арттырууга мүмкүндүк берет.