www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөндө Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети экс-президенттерди артыкчылыктарынан ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун карап, комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорунун концепциясын жактырышты. Бул боюнча коомдо чоң талкуу жүрдү.
Учурдун "уңгусу, улуусу жана сулуусу" Жеңишбек Токторбаев демилгелеген мыйзам долбооруна ылайык, жогорку кызмат адамдары – парламенттин төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасы, башкы прокурор, Жогорку соттун жана Конституциялык соттун жетекчилери мамлекеттик резиденцияда жашап жаткан учурда коммуналдык төлөмдөрдү өз эсебинен төлөө сунушталат. Мындан тышкары экс-президенттер мамлекеттик дачалардан жана байланыш кызматынан акысыз пайдалануу укугунан ажыратылат. Коопсуздук үчүн да өздөрү төлөшү керек болот.
Мына ушул маселеге байланыштуу, айрым мемиреп уктап калган депутаттар ойгонду. Жогорку Кеңештин төрагасы кызматынан кеткенден бери чөптөн жапыз, суудун тайыз болуп, караса көзгө илинбей, кайда жүргөнү билинбей кеткен Дастан Жумабеков жанданды. Кадимкидей сөз сүйлөп, тил бүттү. Чу дегенде эле, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун артыкчылыктардан ажырап калышына макул эместигин, мыйзам артка иштебей турганын айтып, каңырык түтөттү.
Жээнбеков президент болуп турганда «кемчилигин көрбөй турам» деп күлкү болгон, «Маколё» лакап атка конгон Дастан мырза Жогорку Кеңештин төрагасы кезинде мыйзам артка иштебей турганын унутуп койгонун эл унута элек.
Дегенибиз, Атамбаевдин кол тийбестигенен ажыратып жатканда мыйзам артка иштебей турганын Дастан мырза эсине жара чыкпаса, ошол кезде төрага катары калыстык үчүн айтып койгонго жараган эмес. Анан эми ак карга болуп, мыйзам тууралуу акыл айткандын балекетин аламбы дегендей, Дастан мырзанын эки жүздүүлүгүнө таң калгандар жакасын кармаганга аргасыз болушту. Андыктан, бирөөгө кошомат кылаарда да мурда-кийин эмне дедим эле деп артка бир кылчайып коюшса ашыкча болмок эмес.
Так ошондой кошоматчылар азыркы бийликке дагы алтын шилейкелерин чачыратып, кызыл батинкеге таазим кылгандар толтура эмес көп. Тилекке каршы 30 жылдан бери келе жаткан кошоматчылар, баардык президенттерди өргө эмес "көргө" сүйрөп келе жаткандыгын унутпашыбыз керек ай, унутпашыбыз керек!
Булак: NazarNews.kg