www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12-декабрда КПК Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И Корея Республикасынын (КР) тышкы иштер министри Пак Чин менен видеоконференция аркылуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу маалыматты NazarNews маалымат агенттигине "CCTVplus" агенттиги билдирди.

Жолугушууда Ван И Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Кореянын президенти Юн Сок Йелдин Индонезиянын Бали аралында ийгиликтүү өткөн жолугушуусун эске салды. Кытай Корея менен стратегиялык байланышты чыңдоого, өз ара пайдалуу кызматташууга басым жасоого, Кытай-Түштүк Корея мамилелеринин сергек жана стабилдүү өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө, эл аралык эркин соода системасын коргоо, аймактык жана глобалдык маселелерде координацияны жана кызматташтыкты күчөтүүнү ниеттенет.

Пак Чин өз кезегинде Корея Кытайдын гүлдөп-өнүгүшүн чыдамсыздык менен күтөрүн билдирди. Ал түштүк кореялык тарап эки мамлекет башчыларынын ортосундагы маанилүү макулдашууларды биргелешип ишке ашырууга, жогорку деңгээлдеги алмашууларды жана байланыштарды чыңдоого, соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө, гуманитардык алмашууларды жана элдер ортосундагы байланыштарды тынымсыз алга жылдыруу үчүн даяр экендигин жана эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер жаңы бийиктиктерге көтөрүлөөрүн билдирди.

Булак: NazarNews.kg   

Последние новости