www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 26-апрелде Төраганын орун басары Мирлан Бакиров баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Тынчтыкбек Конушбаев, Кожобек Рыспаев, Калдарбек Баймуратов, Жунус уулу Алтынбек жана Жунус уулу Адыл Жайыл районунун Суусамыр айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда аталган тоолуу аймактын социалдык көйгөйлөрү көтөрүлүп, чечүү маселелери талкууланды
Алсак, айылдык кеңештин төрагасы Нурдастан Кулматов Ош-Бишкек жолун жаңы салынып жаткан Түндүк-Түштүк жолуна байланыштырган Суусамыр-Арал жолу өтө начар абалда экенине токтолуп: “Бул жолдор аркылуу көмүр ташыган чоң унаалар көп өтөт. Эгер бул жол оңдолуп калса коопсуз транспорттук байланыш гана камсыздалбастан, жээгинде жайгашкан элдер үчүн да ыңгайлуу болмок”, – деди.
Ошондой эле жерлерди трансформация маселеси чечилбегендиктен инвесторлордун ишине да тоскоолдук жаралып жаткандыгын айткан Нурдастан Кулматов: “Эки жыл мурун агротехникалык компанияга 4490 гектар айдоо аянты ижарага берилип, ири инвестициялык жумуштар башталган. Алар жыл сайын салык төлөп, жергиликтүү бюджетке салым кошууда. Мындан сырткары аталган компания 200гө чейинки жумушчу ордун түзгөн завод куруу үчүн 10 гектар жер сураган. Бирок, трансформация маселеси чечилбегендиктен бул демилге да ишке ашпай келет”, – деп кошумчалады.
Жолугушууда Суусамыр айыл аймагына караштуу Кызыл-Ой айылында бир эле телефондук байланыш компаниясы иш алып барары жана ал жакта интернетке чыгуу мүмкүнчүлүгү да жок экендиги айтылып, жергиликтүү кеңештин депутаттары Жогорку Кеңештен маселени чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү.
Аны менен катар Суусамырда жумушсуз көйгөйү да күч экени белгиленип, аймактын артыкчылыктарына ылайык сүт, эт жана жүндү иштеткен кичи ишканаларды ачуу зарылчылыгы айтылды.
Эл өкүлдөрү айтылган ар бир маселе боюнча пикирин билдиришип, көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшөрүн жана тиешелүү Өкмөт өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөрүн кошумчалашты.
Депутат Тынчтыкбек Конушбаев жергиликтүү кеңештин депутаттары менен тыгыз иш алып баруу аркылуу көп көйгөйдү чечүүгө болоруна токтолуп: “Элеттин жашоо-шартын жакшыртуу үчүн инвестицияларды тартышыбыз зарыл. Бул үчүн инвесторлорго бардык шартты түзүүбүз керек. Албетте алар менен түзгөн келишимдерде элдин кызыкчылыгын жана аймактын экологиясын коргоого басым жасашыбыз абзел”, – деди.
Ал эми депутат Жунус уулу Адыл инвестиция тартуу жаатында жергиликтүү кеңештин депутаттарына керектүү кеңештерди берерин жана максатталган долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшөрүн билдирди.
Булак: NazarNews.kg