www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун отставкасын кабыл алды.

Абдыгулов бүгүн парламентке келип президент Садыр Жапаров башка кызматка жөнөтүп жатканына байланыштуу өз ыктыяры менен арыз жазганын билдирди.

Анын Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп барары күтүлүүдө.

Жыйында депутаттар анын кызматтан кетишине каршы чыгып, жогорку кызмат адамдары тарабынан басым жасалды деген шектенүүсүн айтышты. Айрым эл өкүлдөрү анын отставкасын кабыл албай коюуга да чакырган. Бирок Абдыгулов парламенттен чечимин колдоп берүүнү суранды.

Натыйжада 66 депутаттын 62си макул болуп, төртөө каршы чыкты.

Чечим чыккан соң депутаттар Абдыгуловду кол чаап, айрымдары колун кысып, кучактап узатышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости