www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук банктын төрагалыгына талапкерлиги сунушталып жаткан Кубанычбек Бөкөнтаев 2010-жылы өзүнө карата козголгон кылмыш иши тууралуу Жогорку Кеңеште маалымат берди.
Ал депутат Абдывахап Нурбаевдин суроосуна жооп берип жатып, апрель окуясынан кийин «Өнүктүрүү фондунда 220 млн. сом бар» деп элге ачык жарыя кылганы үчүн Убактылуу өкмөттүн куугунтугуна кабылганын айтты.
«Апрель окуясына чейин мен Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштегем. 7-апрелден кийин Убактылуу өкмөт бардык акча таланып-тонолгонун, анын ичинде Өнүктүрүү фондунда да акча жоктугун жарыялаган. Мен банк тармагына жооптуу болгондуктан, чыныгы кырдаалды билет элем.
Ошондуктан, маалымат жыйынын уюштуруп, мамлекеттик бюджетте бир нече миллиард сом, ал эми фонддо 220 млн. доллар бар экенин ачык айткам. Ошондон кийин мени кызматтан алып, прокуратура коррупция боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал жерде кылмышты мен эмес, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү кылган. Алар өздөрү банк ячейкаларынан бир нече миллиард долларды алып, жок кылышкан», - деди ал.
Улуттук банктын төрагалыгына талапкер Кубанычбек Бөкөнтаев 2006-жылдан 2010-жылга чейин Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштеген. 2010-жылы 28-апрелде кызматтан бошотулган. Башкы прокуратура Улуттук банктын жетекчилигин «АзияУниверсалБанктын» ячейкаларынан 3 млрд. сом жоголгону үчүн айыптаган.
Бөкөнтаев ошондой эле «Ысык-Көл инвест» банкын басып алууга жана орусиялык насыя акча - 220 млн. доллар уурдоого айыпталган.
2010-2012-жылдары Депозиттерди коргоо агенттигин, 2016-жылдан тартып «Мамлекеттик лотерея компаниясын» жетектеген.
Ушул тапта парламент Улуттук банктын төрагалыгына талапкер - Кубанычбек Бөкөнтаевди дайындоо тууралуу президенттин сунушун карап жатат. Мамлекет башчынын сунушун депутаттарга өкүл Анарбек Калматов тааныштырды.
Булак: NazarNews.kg