www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеш бүгүн кезексиз жыйынга чогулат. Күн тартибиндеги негизги маселе – жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын бекитүү. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.
Кечээ парламент көпчүлүк добуш менен Сапар Исаков баштаган өкмөткө ишенбестик көрсөтүп, президент Сооронбай Жээнбеков аларды кызматтан кетирүү жөнүндөгү жарлыкка кол койду.
Ишенбестик көрсөтүүнү бир күн мурда “Ата Мекен”, “Өнүгүү Прогресс” жана “Республика Ата-Журт” фракциялары сунуштаган.
Премьер-министрликке КСДП фракциясы учурда президенттик аппаратты жетектеп турган Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин сунуштап, аны парламенттеги көпчүлүк коалиция кечээ кечинде колдоп берди.
Булак: NazarNews.kg