www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү жыйында эл өкүлдөрү башкы прокурордун сунуштамасын кароо үчүн депутаттык комиссия түзөрү күтүлүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн кезексиз жыйынга чогулуп, кесиптештери Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду кол тийбестигинен ажыратууну карайт. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков менен Зулпукаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү сунуштамасын жөнөткөн.

Бүгүнкү кезексиз жыйында эл өкүлдөрү аталган сунуштаманы кароо үчүн депутаттык комиссия түзөрү күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, аталган саясатчылар үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Учурда УКМКнын тергөө абагында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости