www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште бир катар мыйзам долбоорлору кабыл алынды

Бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында каралган мыйзам долбоорлоруна добуш берилди. Жыйынтыгында бир катар мыйзам долбоорлору кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи окууда кабыл алынган мыйзам долбоору:

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жазык кодексине, “Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору. Демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Баатырбеков А.Б., Айдаров С.А., Алтынбеков А., Ормонов У.З., Матраимов И.И., Алтыбаева А.Т., Зулушев К.Т.

Экинчи окууда кабыл алынган мыйзам долбоору:

- “Жазык сот өндүрүшүнө катышкан катышуучулардын укуктарын коргоонун алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору. Демилгечи – өкмөт;

- “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору. Демилгечи – өкмөт;

- “Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору. Демилгечи – депутат Мамашова А.Т.

Үчүнчү окууда кабыл алынган мыйзам долбоору:

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору. Демилгечи – өкмөт;

- “Укук бузууларды алдын алуунун негиздери жөнүндө” мыйзамдын долбоору. Демилгечи – өкмөт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости