www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Саясий көз карашы же позициясы үчүн кысымга алынып, камалып жаткан окуялар боюнча менде да кооптонуу пайда боло баштады», - деди бүгүн, 24-мартта NazarNews маалымат агенттигине мониторинг борборунун жетекчиси Турсунбек Акун.

- Турсунбек мырза, активист, блогер Тилекмат Кудайберген уулунун камалганын айрымдар саясий куугунтук катары кабылдаса, кээ бирөөлөр чакырык жасаган сөзү үчүн жоопкерчиликке тартылып жатканын айтышууда. Аны туура эле камаштыбы же укук коргоо органдары аша чаап кеттиби?

- Чынын айтсам саясий көз карашы же позициясы үчүн кысымга алынып, камалып жаткан окуялар боюнча менде да кооптонуу пайда боло баштады. Айтайын дегеним, 5-6 күн мурун Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгы менен УКМК Жетим -Тоого байланыштуу пикирлерди жазып жүргөн активист, блогер Тилекмат Кудайберген уулун камакка алышыптыр. Президент Садыр Жапаров «саясий куугунтук болбойт» деген мезгилде укук коргоо органдарынын президенттин сөзүнө каршы иш кылганы чыны менен туура эмес.

Анткени, укук коргоо органдары андай аракети менен президентке көлөкө түшүрүп жатышат. Эгерде ал жигит айрымдар айтып жаткандай мамлекеттик төңкөрүш жасоо же бийликти кетирүү боюнча кандайдыр бир чакырык жасаган болсо, мыйзамды одоно бузгандыгы үчүн мыйзам чегинде жооп бериши керек. Бирок, сөзсүз эле камап салбай үй камагына чыгарып анан тергей беришсе болмок.

Анткени, камоолор бийликке аброй алып келбейт. Бизде сөз эркиндиги, демократия бар. Ошон үчүн укук коргоо органдары мындай учурда камоодон мурун, мыйзамды сыйлап, акылдуулугун көрсөтүшү керек. Анткени, биз эл аралык келишимдерге, адам укугу жөнүндө декларацияга кол койгонбуз. Ошондой эле, Кыргызстан Борбор Азиядагы демократиянын аралчасы деген атка конгон. Ошол атка көлөкө түшүрбөшүбүз керек.

- Укук коргоо органдарынын конституцияга каршы чыккандарды дагы суракка алып, кеңсесин тинте башташты. Алардын бул аракетин кандай баалайсыз?

- Укук коргоо органдарынын Конституцияга каршы түзүлгөн борбордо иштеп жаткан Эрлан Бекчоро деген жигитти дагы суракка алганы, Жеңиш Молдокматовдун кеңсесин тинткени туура эмес. Алар конституцияны сындай берсин. Бирок, конституциянын кадырына шек келтирип, бир жактуу Ханституция деп шылдыңдашкандыгына кошула албайм жана бул алешем кадам. Кыргыздар эч качан бир ханга баш ийип жашаган эмес. Буюрса, татыктуу эле конституцияны кабыл алганы жатабыз.

- УКМКны жетектеп жаткан, чек ара маселесин чечүүнү колго алган Камчыбек Ташиевдин ишине кандай баа бересиз?

- УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин коррупцияга каршы күрөшкөн аракеттерин колдойм.  Бир топ коррупционерлерди камап, айып пулун төктүрүп жатат. Негизи коррупция менен күрөш мындан ары да токтобой уланышы керек. Кустуруп, төктүрүп эле тим болбостон коррупционерлерди камакка алып, мыйзам чегинде катуу жазалашы да керек. Бирок, камайт десе эле баарын камай бербей, баарын териштирип, айныгыс далилдер болсо гана камашы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости