www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргыз элинин жардамын Рахмон мырза жана менин досум Шералы Хайрулло унутпаса керек”, - деди NazarNews маалымат агенттигине мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант жана коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаков.

--“Тажик туугандарыбыз эгемендүүлүк алгандан кийин, абдан катаал, кыл чайнашкан жарандык согуш апаатын баштарынан өткөрүштү. Андан сырткары экономикалык, коммуникациялык, энергетикалык изоляция учурунда биздин эл, биздин өлкө, тажик элинин тынчтыгы, бакубатчылыгы үчүн унутулгус жардам берды. Кошкон салымыбызды тажик жарандардын кээ бир катмары унутса, билбесе дагы элинин биримдиги үчүн башын сайып, тынчтыкты орнотууга, өлкөсүн өнүктүрүүгө  жетишкен президенти,  урматтуу Рахмон мырза унутпаса керек. Мурдагы коргоо министри менин дос-кесиптешим, тажик элинин нукура патриоту, өлкөсүндө тынчтык өкүм сүрүүгө баатырдык салымын кошкон генерал Шералы Хайрулло мырзанын дагы эсинде болуш керек”, - дейт экс-министр Исаков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости