www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргыздарга көп эле билерман болушпасын Венециялык комиссия. Кыргызды коркута тургандар энесинен төрөлө элек», - деди бүгүн, 24-мартта NazarNews маалымат агенттигине журналист Сонунбүбү Кадырова.

- Сонунбүбү эже, Венециялык комиссиянын Конституция боюнча берген сунуштарын айрымдар сөзсүз кабыл алуу керектигин айтса, кээ бирөөлөр кабыл алуунун зарылчылыгы жок деген пикирде. Алардын сунуштарын эске алышыбыз керекпи же кулактын сыртынан кетиргенибиз оңбу?

- Кыргызстан сазга батып, багытын жоготуп, туңгуюкка баратканда Венециялык комиссия кайда жүрүптүр? Эми туурадан чыгып, акылдуу болушпасын. Алардын акылына биз эч качан муктаж эмеспиз. Чынында андай эл аралык уюмдар менен эсептешпей эле өз алдынча өнүгүп жаткан өлкөлөр деле толтура.

- Бирок, алардын сунушун кабыл албай койсок эл аралык уюмдардан келген каражаттардан кол жууп калышыбыз мүмкүн экенин да айтып жатышат го?

- «Жаманды коногу бийлейт» деген сөз бар кыргызда. Бизди оңой ойлоп жатышса керек. Кыргыз итке минип калса да, өзүнө гана ишенген эл. Кара курсакка баш ийип мүңкүрөгөн эмес. Кыргыздарга көп эле билерман болушпасын Венециялык комиссия. Кыргызды коркута тургандар энесинен төрөлө элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости