www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр: Мунайдын баасы дагы 20%га өсүшү мүмкүн

Дүйнөдө мунайдын баасы дагы 20 пайызга өсүшү мүмкүн. Бул туурасында энергетика жана өнөр жай министри Кубаныч Турдубаев парламенттин бүгүн, 24-марттагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, январь айынан бери Россиядан Кыргызстанга алып келинген бензин 7-10 сомго, дизель 3,2-4,8 сомго чейин кымбаттады. Ал эми 11-марттан 20-мартка чейин күйүүчү майдын баасы 3-4 пайызга өстү.

«Кымбаттоонун бир себеби — дүйнөдө баалар өсүп жатат. Дүйнөлүк фонддордун божомолуна таяна турган болсок, мунайдын баасы дагы 20 пайызга чейин өсүшү божомолдонууда. Биз кандай чара көрөбүз? Мунайды кайра иштетүү заводун толук кандуу иштетишибиз керек. Аны менен 2 миллион 215 миң тонна мунай иштетүү мүмкүнчүлүгү бар. Азыр Кыргызстандын мунайды керектөөсү 1 миллион 300 миң тоннаны түзөт. Биз калкты, өнөр жай жана айыл чарба тармактарын камсыздай алабыз», — деди Турдубаев.

Ошондой эле, министр биринчи кезекте чийки мунай алуу маселесин чечүү керектигин айтты. Бул багытта Казакстанга жана Өзбекстанга барып сүйлөшүп жатканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости