www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаттары 4-октябрь — шайлоо күнүнө чейин жыйындарга келбей туруу сунушталды.
Төрага Дастан Жумабековдун айтымында, депутаттардын мындай сунушуна 4-сентябрдан тарта эл менен иштей башташы себеп болууда. Белгилей кетсек, эртеңден тарта VII чакырылыштагы ЖК депутаттарын шайлоонун алкагында агитациялык мезгил башталат.
"Сунуш кылган депутаттар трибуна менен микрофон агитация убагында жеке максаттар үчүн колдонулуп кетет деп жатышат. Парламентте кайрадан шайлоого бара жаткан өкүлдөр бар. Ошондуктан партиялар жана талапкерлердин тең укуктуулугу үчүн калк менен жолугушуусуна тыныгуу жарыялоону сунуштайм. Бул алардын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусун алдын алат", — деген спикер.
Ал бул маселе боюнча ЖК токтомунун долбоору даяр экендигин билдирди. Эми демилгени күн тартибине киргизүү пландалып жатат.
Спикер мындай практика буга чейинки шайлоолордун алдында дагы колдонулуп келгенин кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg