www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-сентябрда өткөн парламенттик жыйында Жогорку Кеңештин депутаттары ишти бир айга токтотуу чечимин кабыл алышты. 

Бул чечимге 79 депутат "макул", 1 "каршы" добуш берди.

Төрага Дастанбек Жумабеков мындай чечим шайлоочулардын алдында калыс болоорун белгиледи. Парламентчилердин көпчүлүгү алдыдагы шайлоого ат салышкандыктан, үгүт иштерин жүргүзүүдө аянтчаны колдонбош үчүн, жумуштан бир аз тыныгуу алып, шайлоочулар менен жеринде жолугушууга убакыт бөлгөндөрү жакшы. 

Эл өкүлдөрү чечимге макул болушту.

Бюллетенге кайсы партиялар киргизилет, БШК бүгүн, 3-сентябрдан кечиктирбестен жарыялашы керек. Үгүт иштери 4-сентябрда башталат. 3-октябрь — шайлоо алдындагы "Жымжырттык күнү".

Булак: NazarNews.kg

Последние новости