www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлыгы канча экени ачыкталды

Депутаттар 200 миң сом эмгек өргүү акысын алыптыр деген маалымат тарап, буга коомчулук нааразычылык билдирген. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу жооп берди. 

"Жогорку Кеңештин депутаттары 200 миң сом эмгек өргүү акысын алыптыр деген айрым такталбаган маалыматтар коомчулугубузду кабатыр кылды. Бул маселе боюнча Төрага Дастанбек Жумабеков менен бир аз мурда сүйлөшүп, төмөнкүлөрдү тактадык.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын эмгек акылары толук бойдон Эмгек кодексинде жазылган нормаларга ылайык чегерилет. Төраганын бир айлык эмгек акысы 30 миң сом, вице-спикерлердики 27 миң сом, депутаттардыкы 25 миң 500 сом. Эмгек Кодекси боюнча эмгек өргүү акысы бир айлык маянанын көлөмүнөн ашпайт.

Андыктан, Фейсбук баракчасындагы биз тааныбаган атуулубуздун "ар бир депутат кассадан 200 миң сом алып атканын көргөндөр бар" деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Дагы бир кошумчалай кетчү учур, Жогорку Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлеринин дээрлик бардыгы илгерки СССР учурундагыдай кассага кезекке туруп маяна албайт, банктык карточкаларына түз которулат.

Демек, "200 миң сомдук ведомостко кол коюп жатканын көрдүк" деген дагы туура маалымат эмес. Дагы бир жагдай, мамлекеттик кызматкерлер баары эле бирдей эмгек акы албайт, арабызда өмүр бою мамкызматта иштеген адистер бар, алардын эмгек акысы кыйла айырмаланып турат. Бирок ал дагы 200 миң сомду түзбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери жалпы жонунан башка мамлекеттик бийлик бутактарында иштеген кызматкерлерден же министрлерден ашыкча эмгек акы албайт.

Азыркы оор учурда, Жогорку Кеңештин депутаттары башканы коюп медицина кызматкерлеринин кошумча төлөмдөрүн өз учурунда төлөп берүү маселесин байма-бай көтөрүп келишет. Бул максатта ЖК депутаттары жана комитеттери мамбюджеттеги чыгымдарды кескин кыскартууга добуш беришкен. Анын ичинде Жогорку Кеңеш өзү дагы чоң кыскартууларга барууда. Бул жылы төраганын буйругу менен сатып алуулар, командировка, майда чарбалык ремонт сыяктуу иштер токтотулган.

Кошумчалай кетсек, Төрага Дастанбек Жумабеков соңку үч айлык эмгек акысын коронавируска каршы күрөшүү фондуна которгон, жалпы эл өкүлдөрү бир айлык эмгек акысын чегерген, "Кыргызстан" фракциясы эки айлык эмгек акысын которгон. Айрым депутаттар, мүмкүнчүлүгү бар аппарат кызматкерлери үй-бүлөсүнүн атынан эл катары жардамдашууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары, Ибраим Нуракун уулу жарандарды чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратпоого чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости