www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Нурбек Тотоновдун иниси коронавируска чалдыгып калыптыр деген маалымат тараган. Бул боюнча  Токтогул райондук оорукананын башчысы Нуржамал Тешебаева төмөнкүлөрдү билдирген:

“Өткөн жумада Россиядан келген айдоочулардын арасында депутаттын иниси Айбек Тотонов дагы бар болчу.  Ал анализдеринин жыйынтыгы чыкканча эле, тартипке баш ийбей Токтогулга келе бериптир.  Анализдеринде вирустун симптомдору бар деген жыйынтык чыккандыктан Токтогулдагы Жаңы-Жол аймагында жүргөн жеринен табылып,  Жалал-Абад шаарындагы обсервацияга алынды”-деди дарыгер.

Окуянын чын-бышыгын тактоо үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотоновдун өзүнө байланыштык. Ал окуя тууралуу төмөнкүлөрдү маалымдады. 

"Иним Айбек Тотонов Россиядан товар ташып иштейт. Окуяны укканда инимдин келинчеги менен байланыштым. Келинчеги инимдин колунда коронавируска карата тапшырган анализинин жыйынтыгы чыккан маалым каты (справкасы) бар экенин айтты. Тесттен Россиядан акы төлөп өтүп, Таластан Жалал-Абадга кетиптир. Карантиндик талаптарды аткаруу ар бирибиздин милдетибиз.

Инимде симптомдору бар дешти, бирок илдет тастыкталган эмес. Райондук оорукананын санитардык дарыгери менен сүйлөшүп жатабыз, кандай талаптар болсо, аны сөзсүз аткаруу керек", - деди депутат Тотонов. 

Эске салсак, өткөн жумада Россиядан келген жарандардын арасында аталган депутаттын иниси да  бар болгон.

Булак: NazarNews.org

Последние новости