www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына президент Сооронбай Жээнбеков менен өкмөт башчы Садыр Жапаров кирип келди. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат.

Бүгүнкү кезексиз жыйындын күн тартибинде үч маселе турат: депутаттык мандатын кайтарган Өмүрбек Текебаевдин ант берүүсү, президенттин кызматтын кетүүсү жана президенттин кызматынан кетип жатканын байланыштуу анын милдеттерин ким аткарары каралат. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү жыйында Жээнбеков Жогорку Кеңештин алдына чыгып, сөз сүйлөөнүн алдында турат.

Эскерте кетсек кечээ, 15-октябрь күну президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген. Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрында президент болуп шайланган.

Президент кызматтан кеткенден кийин анын милдеттери Жогорку Кеңештин төрагасына өтөт. Төрага президенттин милдеттерин аткара албаган учурда президенттин милдетин аткаруучу болуп өкмөт башчы дайындалат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости