www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилей кетсек, Алматыдагы митингдин катышуучулары бир топ ири ишканаларга зыян келтирип, талап-тонолду.
Россия Федерациясынын президенти В.Путин кечээ, 5-январда Казакстандагы абалга байланыштуу тез арада Казакстанга куралдуу күчтөрүн киргизүү жөнүндө буйрук чыгарды. Бул тууралуу Россиянын Башкы штабы билдирди.
Буга чейин белгилүү болгондой, Касым-Жоомарт Токаев Казакстандагы абалды жөнгө салуу максатында ЖККУга кайрылган.
Так ушул таптарда 50гө чукул атайын техника, анын ичинде БТР, сооттолгон унаалар, куралданган аскерлерди ташыган машиналар келип "Республика" аянтынын тегерек-четин курчаган. Аянтта башаламандык уюштурган 200гө жакын куралданган адам жүрөт. "Аскерлер жай тургундарды өздөрүнөн 100 метрдей алыста турууга чакырды. Андан соң атышуулар башталды. Аскер күчтөрү акимчиликке жана президенттин резиденциясына өткөрбөө үчүн ыңгайлуу позицияда турушат", - деп билдирди Sputnik Kazakstanдын кабарчысы.
Бүгүн, 6-январь саат 14:00дө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кезексиз жыйынга чогулат. Анда коңшу Казакстан мамлекеттиндеги кырдаал боюнча маселе карала тургандыгын Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирген эле.
Бир нече мүнөт мурун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйыны жабык эшик артында өтө тургандыгын билдирди. Кошумча маалымат парламенттин Басма сөз кызматы аркылуу жыйын соңунда таратылат.
Булак: NazarNews.kg