www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Пирматов Германия Федеративдүү Республикасынын Бундестагынын депутаты, “Германия – Борбор Азия” парламенттер аралык тобунун жетекчисинин орун басары Андре Хан менен жолугушту. Иш-чарага Германиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Моника Иверсен катышты.

Комитет төрагасы Исхак Пирматов Бундестаг депутатынын Ысык-Көлдө өтүп жаткан Ш Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын барып көргөндүгүн кубаттап: “Германия – биздин маанилүү өнөктөшүбүз. Биздин кызматташуубуз көп багыттуу. Ошондой эле парламенттер аралык байланыштарыбыз ийгиликтүү өнүгүүдө. Ал эми достук топторубуз болсо жигердүү иш алпарып жатат. Бизге сиздердин демократиялык өнүгүү боюнча тажрыйбаңыздар керек”,- дейт. Ошону менен катар Исхак Пирматов Германиянын билим берүү, маданият жаатындагы долбоорлоруна ыраазычылыгын билдирип, алардын аркасында Кыргызстандын студенттери Германия ЖОЖдорунан окууга мүмкүнчүлүк алып жатышкандыгын кошумчалады.

Германия Бундестагынын депутаты Андре Хан кыргыз тарапка Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди. “Мен бир нече ай мурун “Германия – Борбор Азия” парламенттер аралык тобунун жетекчисинин орун басары болуп шайлангам. Кыргызстан менин бул кызмат ордумда турганымда барган биринчи өлкө болуп саналат. Бир катар жолугушууларды өткөрүүгө үлгүрдүм, бирок мен үчүн кыргыз парламентиндеги расмий жолугушуу өтө маанилүү”,- дейт ал. Андре Хан парламенттик демократияны куруу татаал, бирок келечектүү жол экенин айтып, бул жолду басып өтүүдө Кыргызстанга ийгиликтерди каалады деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости