www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Талас шаардык кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, олугушууда Талас шаарынын социалдык-экономикалык абалы талкууланып, айрым инфраструктуралык маселелер көтөрүлдү.

Төрага Дастанбек Жумабеков шаарлардагы жана айылдардагы жетишкендиктер, өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө болорун белгилеп: “Облус борборлору менен алыскы айылдардагы жашоо-шартты жакшыртуу, калктын турмушун оңдоо мамлекетибиздин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Андыктан, акыркы жылдары аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалып, ал жактагы мектеп, оорукана, жол, таза суу сыяктуу социалдык маселелерди чечүү негизги максат болууда”, – деди.

Ошондой эле аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында ар кандай керектүү долбоорлорду ишке ашыруу аракети арбын экенине токтолгон Төрага: “Элдин байлыгын мамлекеттин жаркын келечегин камсыздоо багытында пайдалануу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүбүз керек. Бул жаатта чет элдик жана ички инвесторлор менен кызматташуу өтө маанилүү. Албетте, мында улуттун кызыкчылыгы корголуп, мыйзам талаптары бекем сакталышы шарт”, – деп кошумчалады.

Муну менен катар аймактарга инвестиция тартуу маселеси тоскоолдуксуз, колдоого алынышы керектигин билдирген Дастанбек Жумабеков: “Жергиликтүү кеңештин депутаттары, бийлик жетекчилери да инвестиция тартууга кызыкдар болушу зарыл. Инвесторлорго колдоо көрсөтүү менен жаңы жумушчу орундарын түзүү маанилүү”, – деп баса белгиледи.

Өз кезегинде Талас шаардык кеңешинин депутаттары айрым социалдык маселелерге токтолушуп, мектеп, бала бакча жана ички жолдорду оңдоп-түзөө көйгөйлөрүн көтөрүштү.

Андан тышкары, дарыгерлердин жана мугалимдердин жетишсиздиги курч экенин айткан депутаттар, жаш адистерди турак-жай менен камсыздоо маселесин чечүү оор болуп жатканын билдиришти.

Ал эми шаардык кеңештин депутаты Урмат Атагельдиев  Талас шаардык аба майданын калыбына келтирүү маселесине токтолсо, депутат Бактыбек Тууганбаев сүт азыктарын өндүрүүнү өнүктүрүү багытындагы ойлору менен бөлүштү. Ошондой эле депутат Адылбек Жусупбеков Талас шаарындагы мектеп окуучулары китеп жетишсиздигинен кыйналып жатышканын маалымдаса, депутат Нуркан Момунбеков аймакта төө бурчактан башка алма бактарын тигүү менен да зор пайда табууга болорун дыйкандарга түшүндүрүү керектигин айтты.  

Жолугушуу соңунда мындай жолугушуулар Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү кеңештердин ортосундагы байланышты бекемдеп, маселелердин тез арада чечилүүсүнө көмөкчү болорун билдирген Төрага Дастанбек Жумабеков көйгөйлөрдү тиешелүү Өкмөт өкүлдөрүнө жеткирүү менен алардын чечилишине көмөк көрсөтөрүн убада кылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости