www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу аны менен байланышта болгон кызматкерлердин ПЧР-тесттери таза чыкканы менен дарыгерлер аларды үй карантинде калтырышканын билдирди.
Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин 24-25-июндагы жыйындары түз эфирде чагылдырылбайт. Кызматкерлер аралыктан иштеп, күн тартибинде каралган маселелер жана добуш берүүлөрдүн жыйынтыктарын kenesh.kg сайтына жайгаштырып турушат.
Ибарим Нуракун уулу 29-июнда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүшү күтүлүп жатканын айтып, акыркы жыйынды түз эфирде көрсөтүүгө аракет кылышарын кошумчалады.
Жогорку Кеңештин эки депутатынан жана аппараттын үч кызматкеринен COVID-19 аныкталды. Ибраим Нуракун уулу өзү да коронавируска кабылып, учурда дарыланууда. Ал Жогорку Кеңештин аппаратындагы коронавирус жуктурган үч кызматкердин бири.
Булак: NazarNews.kg