www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Садыр Жапаров баштаган Өкмөттүн курамы, программасы жана түзүмү каралууда. Бул Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы тууралуу билдирди. 

Алгач Өкмөттүн түзүмү тааныштырылып, андан соң жыйын суроо-жооп иретинде улантылууда. Депутат Эмиль Токтошев Өкмөттүн алдында чоң маселелерди чечүү зарылчылыгы бар экенине токтолуп, Премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаровго: "Текшерүү органдары өтө көп, алардын санын азайтууга кандай карайсыз?" - деген суроо берди.

Өз кезегинде Садыр Жапаров айтылган сунуш сөзсүз караларын белгиледи. Ал эми эл өкүлү Айнура Осмонова Өкмөткө сунушталып жаткан айрым мүчөлөр кандай критерийлер менен тандалганына кызыкты. Садыр Жапаров бардык талапкерлер иш билги, жөндөмдүүлүгүнө жараша сунушталганын билдирди.  

 

Последние новости