www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин орток пикир болгон эмес, бүгүн көп тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, бир пикирге келишкендигин бүгүн, 14-октябрда депутат Мирлан Жээнчороев билдирди.

«Бүгүнкү күндө башкы маселе – саясий кырдаалдан чыгуу, экономикалык кризистен чыгуу, ошондой эле пандемия менен күрөшүү. Биз муну башкы максат кылып коюп, бир талапкерге токтолдук – биз Садыр Жапаровду колдошубуз керек жана ал иштеп башташы керек», – деди ал.

Анын айтымында, “Республика” партиясы буга чейин парламент толук кворумга ээ болуп, мыйзамдуу өкмөт бекитилиши керек деп айткан. Бүгүн кворум бар, ошондуктан өкмөттүн ушул курамы эми каралып, ал жерде кимдер болот жана кандай болот, эми Садыр Жапаров толугу менен айтып берет.

«Бирок биздин позициябыз бүгүнкү күндө ар бир адам өлкөдөгү стабилдүүлүк үчүн жеке амбициясынан баш тартуусу керек. Экономикалык кризисти тез арада чечүү үчүн жана коронавирустун экинчи толкунунун алдында өкмөт иштей башташы керек», – деди ал.

Ошондой эле “Республика” эмне үчүн Жапаровдун талапкерлигин колдоду деген суроого жооп берип жатып, Жээнчороев бүгүнкү күндө жеке амбициялардын же кандайдыр бир нааразычылыктардын же башка нерселердин убактысы эмес деп билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости