www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 14-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат.
Жыйында депутат Дастан Бекешев "Сиз боюнча сот чечими кандайча чыкты" деген суроо узатты.
Сот мурдагы чечимди жокко чыгарып, кайра кароого жөнөттү. Бул тууралуу премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров жыйынында билдирди.
"Сот мурдагы чечимди жокко чыгарып, тергөө органдарына кайра кароого жөнөттү. Сот чечими жокко чыгарылгандан кийин адам соттолгон деп эсептелбейт", — деди Жапаров.
Эми бүгүн "Ала-Арчага" кайрадан чогулган депутаттар өкмөт башчынын талапкерлигин карап, өкмөттүн курамы, түзүмү жана программасын талкуулап бекитип бериши керек.
Эске салсак, 6-октябрда парламентарийлер "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөт башчылык кызматка Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдошкон. Бирок кийин бир катар депутаттар анда кворум болбогондуктан чечим легитимсиз деп чыккан. Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчынын кызматка келиши коомчулукта шек жаратпашы керек деп парламенттин токтомун артка кайтарган.
Булак: NazarNews.kg