www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жогорку окуу жайлардын ректорлоруна коюлган талаптарды жумшартууну сунуштап жатат. Тийиштүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Демилгенин максаты аталган кызматтарга жаш жана келечектүү адистерди тартуу экени белгиленген. Документтин негизги жоболорунун бирине ылайык, улуттук статусу бар ЖОЖдордун ректорлору үчүн илимдин доктору болуу милдеттүү эмес. Ошондой эле бардык университеттердин жетекчилери үчүн окумуштуулук наамы болушу керек деген талапты алып салуу демилгеленди.
Долбоордун авторлору белгилегендей, заманбап жогорку окуу жайдын жетекчиси эң оболу стратегиялык ой жүгүртүүгө, башкаруучулук жөндөмдөргө ээ болуп, билим берүү тармагындагы мыйзамдарды жакшы билиши керек.