www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Сот Мусакеевдин буга чейинки өкүмүн жокко чыгарды

Бүгүн, 9-декабрда Кыргызстандын Жогорку Соту УКМКнын 9-кызматынын экс-башчысы, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы – Дамир Мусакеевге карата ишти кароодо.

КР Жогорку Сотунун имаратынын жанына беш жылга эркинен ажыратылган Мусакеевдин 50гө жакын тарапташтары чыкты. Алар колдорунда экс-жансакчынын сүрөттөрү түшүрүлгөн плакаттарды кармап турушат, ал жерде “Дамир Мусакеевге боштондук! Ак жерден отурат” деп жазылган.

Акыры, Жогорку Сот буга чейинки инстанциялардын өкүмүн жокко чыгарып, соттун башка курамында ишти жаңы кароого Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна жиберилди.

Эскерте кетсек, Дамир Мусакеев “Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу” беренеси боюнча 5 жылга соттолгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости