www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку соттун мурдагы төрагасы, өлкөгө эмгек сиңирген юрист Качкынбай Бообеков узакка созулган оорудан улам 25-июлда 83 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Качкынбай Бообеков 1937-жылдын 1-январында Чүй облусунун Кемин районундагы Боролдой айылында төрөлгөн. 1965-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

1989-жылга чейин Кемин райондук сотунда катчы, Ош облустук сотунда судья, Балыкчы шаардык сотунда судья, төрага, Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары, Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.

1991-жылы Жогорку соттун төрагалыгына шайланып, 1995-жылга чейин жетектеген. Качкынбай Бообеков Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки Жогорку соттун алгачкы төрагасы болуп эсептелет.

Ал 1996-2002-жылдары Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун төрагасы болуп иштеген. 2002-2007-жылдары Жогорку соттун судьясы болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости