www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Жогорку Соттун судьясы Эльмира Байтикова ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (БДИПЧ) делегациясы менен жолугушту.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзүн-өзү таркатуусуна жана алдыдагы шайлоолорго байланыштуу өлкөдө БДИПЧтин муктаждыктарды баалоо боюнча Миссиясы иштеп жатат. Анын курамына Лусине Бадалян жана БДИПЧтин шайлоо маселелери боюнча улук кеңешчиси Елена Ковалева кирет. Миссиянын максаты – шайлоого чейинки жагдайды жана даярдык иш-чараларын баалоо жана талдоо болуп саналат.

Жолугушууга Бишкек шаарынын Административдик сотунун төрагасы Азис Эшалиев, ошондой эле аталган соттун судьялары Акылбек Досалиев жана Эрмек Иманалиев катышышты.

Жолугушууда тараптар шайлоого байланышкан талаш-тартыштар боюнча иштердин категорияларын, алардын кароо тартибин, даттануу жол-жоболорун жана мөөнөттөрүн талкуулашты.

Последние новости