www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева тергөөчүнүн сурагына барбай, ар кайсы шылтоо менен амалданып атканы эмнени билдирет? Кызмат абалынан пайдаланып, кылмыш ишинен качуубу? УКМК болсо Калиеванын тергөөнү тоготпой жатканын расмий жарыя кылды. Аягы кандай бүтчүдөй?» деген суроону коомдук ишмер Надира Нарматовага узаттык.

«Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кылмыш иши козголуп, УКМК, прокуратура, ички иштер министрлиги тарабынан алдын ала кылмыш иштерин тактоо үчүн тергөөгө чакырылса, мыйзам чегинде расмий чакыруу (повестка) кагазы берилсе, анда эч кандай шылтоосуз, кынтыксыз келүү керектигин жакшы билсе керек.

Атайын УКМКнын расмий чакыруусуна 1-2 жолу келбесе, мыйзам чегинде күч менен алып келүү талабын унутпаган чыгар. Чакырганда келбеген Кой-Таш окуясын эстеп койсо жакшы болмок. Эгерде күнөөсү жок болсо, тергөөгө келип, тактап, өзүн далилдеп албайбы? Күнөөсү жок болсо акталсын, бар болсо камалсын. Баары мыйзам чегинде болгону жакшы.

Экинчиден, эгерде мамлекеттин кызыкчылыгын ойлошсо, укук коргоо органдары, сот, прокуратура кызматкерлери мыйзамдуулукту сактап, ынтымакта иштөөнүн үлгүсүн көрсөтүүсү кажет. Калиева «тазамын» деп эсептесе, УКМК менен кызматташып, өз эркинде тергөөгө келгени абдан маанилүү. Ал эми кайсы бир деңгээлде өзүнө ишенбей турган болсо, анда ар түрдүү шылтоолорду ойлоп чыгып, жоопкерчиликтен качуунун аракетин жасайт.

Жогорку соттун төрайымынын таасири баардык соттук иштерде болорун билебиз. Жогорудагы көрүнүш жөн эле митайымдык кылып, коомчулукту өзүнө бурган аракет го... Биз билгенден, кол алдындагы сотторго «жогору жактан звонок болду» деп, өлүм бар жерде адилетсиз чечим чыгарганга түздөн-түз көрсөтмө берген фактысы бар экенин башымдан өткөргөм. Калиеванын буйругун аткарып, креслосун сакташ үчүн бир эмес эки жолу утуп, өлүм бар жерде адилетсиз чечим чыгарган Камил Осмоналиев «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен кармалды.

Ошондуктан, Калиева мыйзам чегинде келбесе, мажбурлоо менен тергөөгө алып келүүгө УКМКнын укугу бар. Таза болсо эмнеге качат? Тергөөгө келип, жооп берип, актыгын аныктасын. Бөөдө жерден энелерди боздотуп, көз жашын төкпөш керек. Мамлекеттин казынасына кол салган сот болобу, чиновник болобу, эртели-кеч жооп берет. Кыйналып, карыз болуп, кредит алып жашаса да, бешене тер эмгек менен жашаганга эмне жетсин! Таба эмес, тооба кылдым. «Ак ийилет, бирок сынбайт» деген улуу сөз бар.

Булак: «Азия News» гезити

 

Последние новости