www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызчылык менен далы тартып төлгө ачкан белгилүү төлгөчү Кайып Шер менен маек.

-Арканды алыстан ыргыталы. 2013-жылы ноябрда жалган жалаалар менен депутат Ахматбек Келдибеков камалды. Ал кезде Мелис Мырзакматов мэр болгон Ош толкуп турду. Ошол кезде «Апрель баатыры» медалын бийликке тапшырып, сен кыргызча далы менен Атамбаевге төлгө ачтың эле, төлгөң дал түштү.

-Атамбаев дөгүрсүп бийлик башында туруп эч кимди тоготпой калган. Тогуз ай жалган айып менен Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов камалып, Курманкул Зулушевдин эр жүрөктүүлүгүнөн капастан бошотулган. 2013-жылы ноябрда жалган жалаалар менен депутат Ахматбек Келдибеков камалды. Ушундай оор кырдаалдарда Атамбаевдин колунан сый көрүп, айлык алып «Апрель баатыры» болуш уят эмеспи деп, мен «Апрель баатырын» тапшырып, Атамбаевге төлгө ачканым ырас. Далы менен кыргыз эли илгертен төлгө ачып келатат, мунун сырлары көп, ата-бабадан калган бул ыйык салтты мен да колдонуп жүрөм. Далыдан төлгө тартканда Атамбаевди замбилге салып көтөрүп баратыптыр, бул Атамбаевдин бийлиги жаман, кан менен аяктарын түшүндүргөн. Бул аянды жолдош-жоролорума айткам.

- Бул саясий аян экен, жолдош-жоролордон тышкары президенттин маалымат бөлүмүн жетектеген Алмаз Үсөновго, пресс-катчысы Кадыр Токтогуловго жеткизе алдыңбы?

 -Булар эмнени чечмек эле, айткан күндө деле батынып Атамбаевге жеткизе алмак эмес. Жетим Илмияновго жеткизүүгө аракет кылдым.

-Ал мезгилде «мамлекеттик рулду» башкарып , Атамбаевдин оозу катары Кыргызстанды жетектеп турган «шопур» Шакиге окшогондорду кезек күттүрүп өзү кабинетинде чалкалап жатчу, ал айткандарыңды кандай кабыл алды?

-Ал мезгилде нефрит жетим Илмияновдун жетектөөсү менен контрабандалык жол менен Кытайга өтүп, шопур миллиарддарга бөлөнүп жаткан. Мен аны эшиктен тоссом кайсы тешиктен кирип кетери белгисиз. Өзүн президенттик «охранага» кайтартып койот.

-Ошол мезгилде Ысык-Көлдө да бышып жетиле элек нефрит табылыптыр деген сөз тарады эле, аныгын айтсаң?

-Ысык-Көлдө миң жылдан соң бышып жетиле турган нефрит табылып, Атамбаев экөө миң жыл жашай тургандай жетим Илмиянов ал бышкыча миң жыл күтөбүз деп аябай сүйүнгөн. Ал кезде ал шопур Атамбаев миң жыл жашап, миң жыл башкарат деп желпинип калган.

-Атамбаевди сотто сатты деп жүрүшөт го?

-Женпедди «заочно» бүтүп, машина айдап жүргөн шопур акчанын кулу болуп калган. Атамбаевдин убагында бул ээ болгон мүлктөрдөн баш адашат. Жээнбековдор учурунда сатылышы мүмкүн.

-Атамбаевдин уулдары Ак үйдүн алдына митингге чыкканда, аларды кетирүүгө эч ким даай албай, сен барып аларды кубалап чыкканың чынбы?

-Атамбаевдин зордук-зомбулугу бүтүп, эми балдарынын зордук-зомбулугун көрөлүбү? Атамбаевдин акчасына көпкөндөр элден өзгөчөлөнүп өз алдынча каста түзүп алган. Акча азгырып турса, «фас» деп айдактап койсо, кимге болсо да жулунат да. Аларга ким даай алат, мен болсо «Апрель баатыры» медалын бийликке тапшырып салгам. Атамбаевге көз каранды эмесмин.

-Акыркы төлгө салганда Атамбаев жөнүндө жыт –жыбыр барбы?

-Атамбаев өлөт.

-Барыбыз тең өлөбүз миң жыл жашап Улукман аке деле өлгөн, ким тирүү калыптыр. Качан өлөрү белгилүүбү?

- Атамбаев 2019-жылдын августунда камалган боюнча аны бары унутту. Ал эмес орусиялык досу Бельянинов да. Атамбаев СИЗОдо жатып ооруп, мурун абакта Атамбаевдин азабын нечен ирет тартканына карабастан УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев  кайрымдуулук кылып, жаңы жыл алдында  № 47 колонияга которгон. Ошол жерден даң салып, Текебаев бул жерде бөлмөсүнө жашынып отурчу экен, мен ачык эле жүрөм деп көкүрөгүн чаба баштабадыбы. Атамбаевдин байлыгы жакшылыкка алып барбайт, бийлик болсо эми кайтпайт. Далы качан өлгөн датасын айтпайт. Бирок, ойлонуп, далыны жакшылап карап, саресеп салып көрсөк Атамбаев киши колдуу болуп өлө тургандай.

Маектешкен: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости