www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президенттик кызматына талапкерлигин койгон Клара Сооронкулова үгүт маалында каржылык жана коопсуздук маселелеринен улам аймактарга чыгып эл менен жолугуша албаганын билдирди. Бул тууралуу ал «Азаттыктын» «2х1» программасында айтты:

--«Соцтармактагы баракчаларыма да жарыялап турдум, ар кандай опуза болду. Коркутуу онлайндан оффлайнга да өттү. Көчөдө баратсаң деле, таксиге түшсөң деле таанып калгандар «сен баланчага каршы чыгып атасың» деп атырылгандар болду. Ошол себептен биз корктук. Биздин штабда көбүрөөк кыз-келиндер иштейт, аларды «баскыла, аймактарга чыгып келели» дегенден кооптондум».-дейт Сооронкулова. 

Клара Сооронкулова коркутуп-үркүтүү боюнча башкы прокурорго, Ички иштер министрлигине, Коопсуздук кеңешинин башчысына ачык кайрылуу жазганын, бирок реакция болбогонун кошумчалады.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости