www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 24-декабрда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Ташиев кайсы иш боюнча экенин ачыктаган жок:
"Тартип комиссиясына кайрылдык. Эгер комиссия макулдугун берсе биз анын жогорку кызматына карабастан жоопко тартабыз. Ал мыйзам бузуп, мамлекетке чоң зыян келтирген деп эсептейбиз. Иш аягына чыгарылат",-дейт Ташиев.
Жогорку сот азырынча бул тууралуу расмий маалымат бере элек. 61 жаштагы Гүлбара Калиева Жогорку соттун төрайымы болуп 2018-жылдын сентябрь айында дайындалган.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg