www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы коңгуроо майрамына карата жол кыймылынын кызматкерлери ата-энелерди балдарына унаанын ачкычын бербөөгө чакырат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында ата-энелерди жашы жете элек балдарына автоунаа, мотоцикл жана башка транспорт каражаттарынын ачкычтарын бербөөгө чакырат.
Тийиштүү айдоочулук күбөлүгү жана тажрыйбасы жок транспорт башкаруу оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Учурда республиканын бардык мектептеринде ЖКККББ кызматкерлери окуучулар менен профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жол кыймылынын эрежелерин сактоо жана майрам күндөрү коопсуз жүрүм-турум тууралуу маалымат беришүүдө.
ЖКККББ бүтүрүүчүлөрдү, ата-энелерди жана мугалимдерди жоопкерчиликтүү болууга чакырат. Ар бирибиздин этият мамилебиз менен «Акыркы коңгуроо» майрамы коопсуз жана жагымдуу өтөт.
Жол кыймылынын кызматкерлери «Акыркы коңгуроо» салтанаттуу иш-чараларына байланыштуу өлкө аймагында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.