www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
7-декабрда Ош-Исфана унаа жолунун 221-чакырымында кырсыкка кабылган Hyundai Solaris үлгүсүндөгү унаанын ичинен 3 кг баңгизаты табылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кырсыкка кабылган автоунаанын айдоочусу Жалал-Абад облусунун 31жаштагы А.Ж. аттуу тургуну экендиги аныкталган.
Бул факт Баткен РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 297-беренесинин (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында автоунаага кароо жүргүзгөн кезде унаанын артынан баштык табылып, анын ичинде салмагы 3 килограмм болгон баңгизаты алынган.
Азыркы учурда бул иштер боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg