www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Өзгөн районундагы Шоро-Башат айылындагы кырсыктан жаракат алган беш адам ооруканада. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыкты.

Өзгөн аймактык ооруканасынан билдиришкендей, алардын үчөө күйүк менен жандандыруу бөлүмүндө. Алардын денелеринин 30-40% күйгөн. Алардын абалы оор. Калган экөө травматология бөлүмүндө жатышат.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы бул жол кырсыгы боюнча маалымат такталып жатканын билдирди.

Буга чейин КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кечээ, 20-сентябрда саат 20: 30да Бишкек-Ош унаа жолунун 601-чакырымында (Шоро-Башат айылы) “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаа “Daewoo Lanos” үлгүсүндөгү унааны артынан сүзүп алгандыгын билдирген. Натыйжада “Daewoo Lanos” өрттөнүп кетти. Беш адам ар кандай жаракаттарды алышкан (алардын өздүктөрү такталууда). Алар Өзгөн райондук ооруканасына жеткирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости