www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпон-Ата шаарында жол кырсыгынан каза болгон патрулдук милиция кызматкеринин төрт баласы калды. Бул тууралуу 5news.kg порталына ички иштер министрлигинен билдиришти.

"Ысык-Көл облустук ИИББ патрулдук милиция башкармалыгынын прапорщиги Медеров Нурмат Кыдырмышевич 1981-жылы 11-августта Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында туулган. 2012-жылы Ж. Баласагын атындагы КУУ бүтүргөн. Ички иштер органдарында 2008-жылдан бери иштеген. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. Кичүүсү эки жашта. Григорьевка айылында жашап келген",-дейт ИИМ.

Инспекторду акыркы сапарга узатуу тажиясы 30-июнда Григорьевка айылында болот. 

Эскерте кетсек, күн мурун Чолпон-Ата шаарында постто турган патрулдук милиция кызматкерлерин катуу ылдамдыкта келе жаткан авто унаа коюп кеткен. Анда "Субару Форестер" үлгүсүндөгү унаа жол кыймылдын башка катышуучулары менен сүзүшүдөн качып, патрулдук унаага урунган. Натыйжада жол кайгуул инспекторлору жаракат алышкан.

Булак: "5news.kg"

Последние новости