www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көздү ачып-жумганча эле кыргыз элине аттын кашкасындай белгилүү коомдук-саясий ишмер агабыз Бекболот Талгарбеков 65 жаштын кырына чыгып калыптыр. Элге эмгеги сиңген, улутубуздун сыймыгы болгон агабыз тууралуу коомчулуктун пикирлерин тартуу кылабыз...

- Биз дээрлик бир кылым колхоз-совхоздордун жетегинде, Бекболот Талгарбековдун реформасына чейин жашап келдик. Эки-үч муун өстү, окудук-чокудук, иштедик. Азгантай адамдар эле Талгарбековдун реформасын учурунда колдобосо, дээрлик көпчүлүгүбүз буга каршы болдук, азыр да каршылар бар. Бул деген Сталин кайтыш болгондо “эми кантип жашайбыз, бизди ким багат?” деп ыйлагандай эле кеп. Албетте, бизге окшогон өлкөдө коллективдүү чарба өзүнүн тарыхый миссиясын аткарды. Бирок замандын агымына жараша жаңы ойлорго, жаңы идеяларга суроо-талап күч эле. Мына ушул кезде Талгарбековдун саясий аренага чыгышы тарыхый зарылчылык болду. Муктаж кезде элдин ырыскысына жаралган инсандар болот. Жашырганда эмне, үзөнгүлөш жүргөн биз деле миллионер чарбаларды кое туруп, чабал чарбалардан баштабайлыбы деген ойлорду айтканбыз. Албетте, башталышы кыйын болду. “Сен чөп чап, сен сугатка бар, баланча мал баксын, түкүнчө жер айдасын”- деген башкарма, бригадир жок, башкарууга көнгөн айылдардагы элибиз бир топко эмне кылаарын билбеди. Акырында эсине келип, үлүшкө тийген малын багып, жерин иштетип, жапырт аракеттене баштады. Мына, ондогон жылдардан кийин Бекболот Талгарбековдун агрардык реформасы туура болгондугуна күбө болуудабыз. Ушул жерде кыстара кетчү маселе - бул айрымдардын шаарлардагы заводфабрикаларды талап-тоноп, менчиктештирип кетишин агрардык реформа менен байланыштырганы туура эмес. Өнөр-жай объектилерин “прихватташтыруу” Талгарбековдун агрардык реформасына эч байланышы жок такыр башка маселе. Ошентип далай кыйынчылыктар, нечен тоскоолдуктар менен ишке ашкан агрардык реформа мына бүгүн оң натыйжасын берип, үзүрүн эл көрүп жатат. Өкмөттөн дыйкан-фермерлер эч нерсе сурабайт, алакан сунуп “келе” деген киши аз, “мени бакпайсыңбы?” деп догурунгандардын катары суюлду. Эл-журт таман акы, маңдай тери менен оокатын кылып, мамлекетке салыгын төлөп, жашап келет. Эми өкмөттө ошол дыйкандардын өндүргөн азык-түлүгүн сатып, кайра иштетип, эмгегинин натыйжасын сыртка экспорттоого шарт түзүп берүү милдети турат. Саясатчылар кандай баа бербесин, биз, окумуштуулар, акыйкат нерсени айтып коюшубуз керек. Бекболот Талгарбековдун айыл чарба реформасы бүтүндөй улуттун аң-сезимин, элдин эмгекке, соодага болгон мамилесин түп-тамырынан бери өзгөрттү, жашоого көз карашын байытты, прогрессивдүү нукка бурду. Реформага чейинки менталитет азыркыдан такыр башка, жаңыча эмгектик-экономикалык генотип – жаратман менталитет калыптанууда. Бул миссия көрүнгөн эле саясатчынын бешенесине жазылган эмес. Мындай сейрек шыбага биздин замандашыбыз Бекболот Талгарбековдун тагдырына туура келиптир. Урматтуу Беке! Сенин мааракең акыл-эсиң толуп, тажрыйбаң ашып-ташып, башыңан “ысыксуук” өтүп турган мезгилге туш келиптир. Буйруса кыргыз элине кыла турган кызматың али алдыда. Сага бекем ден-соолук каалайм, ишиңди ийгилик жылоолосун!

Булак: "Майдан.kg"

 

Последние новости