www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы март айынын башынан тартып жөө адамдардын жолдо жүрүү эрежелерин жөнгө салуу максатында атайын рейд өткөрө баштады.

Аталган башкармалыктын басма сөз катчысы Нурбек Токтосуновдун "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, рейд жер-жерлерде ИИМдин кайгуул-күзөт кызматкерлеринин катышуусу менен өтүп жатат:

- Бишкек шаарында, бардык жети облуста рейд өтүп жатат. Анда унаа жүрүүчү жолду тиешелүү белгиленген жерден эмес, туш келди кесип өткөн, жол чырактарынын көрсөтмөсүнө баш ийбей, өтүп кеткен жөө адамдарга жол кыймылынын эрежелерин одоно бузганы үчүн атайын белгиленген 500 сом айып пул салынууда.

Юстиция министрлиги кабыл алган Жол кыймылынын эрежелеринин 4-беренесинде жөө адамдардын укуктары жана милдеттери так көрсөтүлгөн. Ага ылайык, жөө адамдар жолдо бара жаткан учурда жол кыймылынын эрежелерин бузбоого милдеттүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости